Turmush — Ош технологиялык университетинде Корея Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган корей тили боюнча 9-оратордук искусство сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү.
Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, консул Бан Ги Доң, консулдук бөлүмдүн башчысы Каң Чуң Ми жана Кыргызстандагы Корей Ассоциациясынын жетекчиси Ли Чан Ву катышты.
Бул жолку сынакка Кыргызстандын түштүк аймагындагы мектеп окуучуларынан 12 окуучу жана жогорку окуу жайларынан 12 студент катышып, «Мен тилеген Кыргызстандын келечеги», «Мен кайрадан төрөлсөм» аттуу темалардын үстүндө корей тилинде сүйлөп беришти.
Сынактын жыйынтыгы ар бир категория жыйынтык чыгарылды.
Мектеп окуучуларынын арасында:
- 1-орун (1 жеңүүчү) — Абдирашитова Латифа;
- 2-орун (2 жеңүүчү) — Абдилазизова Алия, Худайбердиева Айгерим;
- 3-орун (3 жеңүүчү) — Нуралиев Бекжан, Эрнистова Назима, Сайиткулова Аяна.
Студенттердин арасында:
- 1-орун (1 жеңүүчү) — Рысбаева Альбина;
- 2-орун (2 жеңүүчү) — Оморалиева Айжан, Акунбек кызы Нуржамал;
- 3-орун (3 жеңүүчү) — Бактыбекова Назима, Жантороева Арина, Мамбетова Бакдөөлөт.