Turmush — Нарын облусундагы Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургуну Алымкул Сулайманов 25 жыл милиция кызматкери болуп иштеп, азыркы учурда ардактуу эс алууда. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
Милициянын полковниги Алымкул Сулайманов 1969-жылы 1-сентябрда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. 1976-1986-жылдары ушул эле айылдын Керимбай уулу Сарыбай орто мектебин бүтүргөн. 1987-1989-жылдары советтик армияга барган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын алтынчысы. 1 уул, 2 кыздын атасы.
«Бала кезимен эле спортко жакын болгондуктан, милиция кызматкери болууну кыялданчумун. Ал кыялымды ишке ашырууну көздөп, 1994-жылы Нарын ШИИБге милиция кызматкери болуп ишке киргем», - деди ал.
Алымкул Сулайманов кызмат учурундагы кызыктуу окуяларынан айтып берди.
«Ат-Башы районунда иштеп жүргөн кезимде бир киши жоголуп, табылбай жатыптыр деген маалымат түштү. Мен дароо ал жашаган айылга жөнөп кеттим.
Барып аялынан сурасам «7-8 ай мурун бир «КамАЗ» келип, ошого түшүп кеткен. Ошондон бери келе элек. Биз келип калабы деп күтүп жүрүп, эч кимге кайрылган эмеспиз» деп жооп берди. Бирок ал тике карай албай, жаман болуп турду. Мен анын жоопторунан күмөн санап, иликтөө жүргүзүп баштадым. Күйөө балдарын, кыз-кыркындарын, кошуналарын сураштырдым. Анан эң кичүү кызы аркылуу кылмыштын бетин ачып, ал адамды кандай өлтүрүшкөнүн айтып беришкен. Мен ошол замат ыкчам кызматкерлерин чакырттым.
Көрсө, 5 ай мурун эле кеч күздө аялы өлтүргөн экен. Күйөөсү мас болуп жаткан жеринен жип менен муунтуп өлтүрүп, картошканын (мүшөктөгү) алдына жашырып койгон. Эртеси короосундагы таштанды төккөн аңга ыргытып, үстүнө жаман дубалды уратып, көмүп салыптыр. Ал жерди каздыртып, сөөктү алып чыгып, соттук-медициналык экспертизага жөнөткөнбүз.
Аялы сөөктү каздыра электе мойнуна албай жаткан. Кийин өлтүргөнүн мойнуна алды», - деди ал.
Алымкул Сулаймановдун уулу Мирлан Алымкулов дагы атасынын жолун жолдоп, милиция кызматкери болду. Ал Э.А.Алиев атындагы ИИМдин Академиясын 2014-жылы бүтүргөн. Азыркы учурда Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө ыкчам иликтөө кызматкери болуп иштейт.
Милициянын полковниги кылган ак кызматы үчүн «ИИМдин мыкты кызматкери», «Ардактуу участкалык инспектор», «ИИМдин ардагери», «Азамат»1-2-3-даражадагы, «Ардак» жана башка көптөгөн медалдардын, ардак грамоталардын ээси.
Эмгек жолу:
- 1994-жылдын 24-сентябрынан 1995-жылдын 1-январына чейин Нарын ШИИБдин кайгуул-күзөт кызматында милиционер;
- 1995-жылдын 30-июнунан 1998-жылдын 28-августуна чейин Нарын РИИБдин Куланак милиция бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы;
- 1998-жылдын 28-августунан 2000-жылдын 26-апрелине чейин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмунүн Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкери;
- 2000-жылдын 26-апрелинен 2003-жылдын 16-июлуна чейин Ат-Башы райондук Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмүндө кылмыш иликтөө боюнча ыкчам кызматкери;
-2003-жылдын 16-июлунан 2007-жылдын 18-майына чейин Ат-Башы районунун Казыбек айылдык милиция бөлүмүндө жетекчи;
- 2007-жылдын 18-майынан 2008-жылдын 25-апрелине чейин Кочкор РИИБдин жетекчисинин орун басары — коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2008-жылдын 25-апрелинен 2009-жылдын 4-июнуна чейин Нарын ОИИБдин уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн инспектору;
- 2009-жылдын 4-июнунан 2009-жылдын 14-ноябрына чейин Нарын РИИБдин Оттук айылдык милиция бөлүмүндө убактылуу жетекчи;
- 2009-жылдын 14-ноябрынан 2011-жылдын 11-мартына чейин Нарын ШИИБдин жетекчисинин орун басары — коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2011-жылдын 11-мартынан 2011-жылдын 15-мартына чейин Нарын ОИИБдин карамагында;
- 2011-жылдын 15-мартынан 2011-жылдын 21-октябрына чейин Жумгал районунун Кызарт айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2011-жылдын 21-октябрынан 2012-жылдын 8-февралына чейин Нарын ОИИБдин мал уурулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам кызматкери;
- 2012-жылдын 8-февралынан 2012-жылдын 26-июнуна чейин Нарын ОИИБдин кинолог кызматынын улук инспектору;
- 2012-жылдын 26-июнунан 2015-жылдын 14-сентябрына чейин Нарын РИИБдин Оттук айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2015-жылдын 14-сентябрынан 2016-жылдын 19-августуна чейин Нарын РИИБдин жетекчисинин орун басары — коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2016-жылдын 19-августунан 2017-жылдын 6-апрелине чейин Нарын ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2017-жылдын 6-апрелинен 2017-жылдын 12-майына чейин Нарын ОИИБдин карамагында;
- 2017-жылдын 12-майында пенсияга чыккан.