Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Талас облусу 21.01.2014 14:13

Талас облусунда өткөн жылы өнөр жай продукциялары 59 млн сомго көп өндүрүлдү

Turmush -  Талас облусунда өткөн жылы 813,3 млн сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн, же бул көрсөткүч алдынкы жылга салыштырмалуу 59 млн сомго көп болуп, өсүү ыргагы 102%ды түзгөн.

Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Экономика министрлигинин түндүк аймактык башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүмнүн башкы адиси Буланбек Самсиевдин маалыматына таянып билдиргендей, Таласта тамак-аш продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү өнөр жайы, кийим тигүү, жыгачтан буюм жасоо иштери өркүндөп, 3 кичи өнөр жай ишканалары ачылып, 4 өндүрүштүк ишкана өз иштерин кайрадан жандандырышкан.

Белгилей кетсек, облус боюнча калып идиштерге куюлуп чыгарылган каймак жана сүт азыктары 413,5 тоннага, жуурулган май 512,5 тоннага, сырлар 1048 тоннага, ун чыгаруу 4662,7 тоннага жеткен. Таластын сапаттуу тамак-аш продуктылары Бишкектеги жана Казакстандагы фирмалык дүкөндөрдө сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×