Turmush — Бүгүн, 17-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде президентке караштуу караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков баштаган профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер катышты. Ага ылайык улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышуучуларга «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» темасында кеңири баяндама жасады.
«Мында лектор мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү, эгемендиктин жана көз карандысыздыктын баалуулугу, мамлекет куруу тажрыйбаларынын мисалдары жана кыргыз элинин байыркы тарыхын, нарк-насилин, маданиятын, салт-санаасын, «Манас» эпосун, философиясын, дүйнө таанымын мамлекеттик тил аркылуу таанытуу менен жарандык аң сезимди калыптандыруу туурасында маалымат берди.
Бул менен бирге мамлекеттүүлүк менен мамлекеттик тилдин өз ара тыгыз байланышын жана маанисин ачып берип, катышуучуларды бир топ кызыктырган суроолорго жооп берүү менен лекцияны жыйынтыктады.
Аталган саамалык мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү мамлекеттик тилдин маанисин ачып берүү, студенттердин атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, мекенчилдик аң- сезимин калыптандыруу максатында уюштурулду», - деп айтылат маалыматта.