Turmush — Бүгүн, 15-октябрда Ош технологиялык университетинде Түштүк Кореядан келген компания өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жетекчилигиндеги курам менен Түштүк Кореялык Weatherpia Co., Ltd компаниясынын башкы директору Лим Санг Вук, башкы менеджери Канг Сео-ёнг, башкы менеджердин орун басары Кён Хунмо, изилдөөчүлөр — Бек Йе Рим, Ким Хён Соль менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда буга чейинки жолугушууда каралган маселелер талкууланып, Weatherpia Co., Ltd менен ОшТУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.
«Эми мындан ары ОшТУ менен Weatherpia Co., Ltd компаниясы Ош облусунда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин алдын ала эскертүү системасын түзүү жана табигый кырсыктар учурунда коопсуздукту камсыздоо, кырсыктарды болтурбоо, алдын алуу технологияларын өнүктүрүүнүн потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча долбоорлорду түзүп, бирге ишке алып барышып, изилдөө иштерин жүргүзүшөт», - деп айтылат маалыматта.
Weatherpia Co., Ltd — климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу, анын ичинде аба ырайын талдоо, аба ырайы жана климаттык технологиялар менен камсыздоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча потенциалды жогорулатуу боюнча дүйнөлүк компания. Башкы кеңсеси Түштүк Кореяда жайгашкан.