Turmush — Ош технологиялык университетинде «Дисциплиналар аралык диалог: өнүгүүнүн жаңы горизонттору» аталышындагы эл аралык форум өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чара Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгы жана кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгына арналып уюштурулду.
Форумдун тең төрагасы болгон ZOZ JmbH холдингинин өкүлү Алмата шаарында өтүүчү дүйнөлүк форумда Кыргызстандан Ош технологиялык университетин өнөктөш катары катышарын жана 15 миң евро өлчөмүндө долбоор уткандыгын белгиледи.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.