Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында «Мырза-Аке» эс алуу жайын куруу пландалып жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, Мырза-Аке айылынын борбордук бөлүгүндө 30 сотых жер тилке бар.
«Ал жерге айыл эле үчүн эс алуу жайын курууну пландап жатабыз. Учурда сметалык баасы аныкталууда, 3 млн сомдун тегерегинде болот. Аймагы жарыктандырылып, отургучтар орнотулуп, балдар үчүн аянтча курулат. Ал эми тейлөө пункттары демөөрчүлөр менен бирге салынат», - дейт айыл өкмөт башчысы.
- Административдик-аймактык реформанын алкагында Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймактын курамында 6 айыл бар. Калкынын саны — 23 миң 577 адам.