Turmush — Бүгүн, 25-сентябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде кыз-жигит сармерден оюну өттү.
Маалым болгондой, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана аталган окуу жайдын 30 жылдыгына карата уюштурулду.
Сармерденди тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгы биргеликте уюштурду. Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын өкүлүнүн куттуктоо сөзү менен башталды.
Андан соң кыз-жигиттер сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сармердендин шарты боюнча кыз-жигиттер кезектешип обондуу ырларды ырдап, көркөм окуп, жаңылмач, макал айтышып, келген конокторго өзгөчө маанай тартуулашты.
Соңунда катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ошондой эле мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан жарыяланган жумалыктын жыйынтыгы чыгарылып, жумалыкка активдүү катышкандар сыйланды.
Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата университеттин колледж, факультеттеринде жумалыктар жарыяланып, анын алкагында кыргыздын тарыхын, каада-салтын чагылдырган адабий-музыкалык иш-чаралар, түрдүү сынактар уюштурулуп, жыйынтыктары чыгарылды.