Turmush — Ош технологиялык университетинин Америка маалымат-ресурстук борбору жаңы окуу жылындагы ишин баштады.
Окуу жайдын маалыматына караганда, бул борбордо Америкадан келген ыктыярчы мугалим Samuel Ahlquist менен кечээ, 18-сентябрда окутуучулардын, бүгүн, 19-сентябрда студенттердин жолугушуулары өтүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жаңы идеялар, сунуштар талкууланып, мөөнөттүү курска каалоочуларды каттоо жүрдү.
«Англис тилин үйрөнөм деген окутуучулар да келип катталып, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышса болот», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.