Turmush — Кечээ, 17-сентябрда Ош технологиялык университетине Россия Федерациясынан Казань айыл чарба университетинен делегация келди.
Окуу жайдын маалыматына караганда, ректор, техника илимдеринин доктору, профессор, Татарстан Республикасынын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти А.Р.Валиев, агробиотехнология жана жер иштетүү институтунун директору, а.ч.и.д., профессор И.М.Сержантов, токойчулук жана экология факультетинин профессору Х.Г.Мусин жана аталган факультеттин ассистенти И.И.Хуснутдинов, Кыргызстандагы Орус кызматташтыгынын Ош шаарындагы жетекчиси Д.Н.Аврам жана Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлү С.В.Бучнева келишти.
Конокторду ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев жетектеген курам кабыл алды. Казань айыл чарба университети менен эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, профессордук-окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, биргелешкен курстарды, конференцияларды, семинар-тренингдерди, долбоорлорду уюштуруу, кесиптик билим берүүнүн жана илимдин өз ара аракеттенүүсүнүн жана интеграциясынын инновациялык формаларын өнүктүрүү туурасында макулдашты жана соңунда кызматташуу келишимине кол коюшту.
Андан соң россиялык делегация окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.