Turmush — Эркинбек Искенов Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин аталган кызматта Тилек Улан уулу иштеп келген. Ал эми Эркинбек Искенов аталган башкармалыктын жооптуу кызматтарында иштеп жүргөн.