Turmush — 2024-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Южный» суу топтоочу жайында «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чара өттү.
Мэриянын маалыматына караганда, бул этаптын алкагында беш суу алуучу аймак ийгиликтүү реконструкцияланып, Токмок шаарынын суу түтүктөрү жана канализация тармактары кеңейтилди.
Иш-чарага финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Жозефсон, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы директору Айтен Рустамова катышты.
Руслан Татиков өз сөзүндө бул долбоордун инфраструктураны жакшыртуу жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанисин белгиледи.
Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, долбоор таза суу менен камсыз кылууну жакшыртууга жана саркынды сууларды чыгаруу системасын модернизациялоого багытталганын, бул анын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
«Токмок суу канал» муниципалдык ишканасынын директору Адилет Байышов баяндама жасап, долбоордун биринчи фазасынын алкагында сатылып алынган атайын техникаларды көрсөттү. Жаңы техника суу алуучу участокторду эксплуатациялоонун эффективдүүлүгүн бир кыйла жогорулатып, суу менен камсыз кылуу жана канализация боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртат.
Долбоорду ишке ашыруу Европа биримдигинин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Токмок шаарынын жергиликтүү администрациясынын колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
«Токмок шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору улантылып, жакынкы келечекте тармактарды андан ары кеңейтүү жана модернизациялоо, ошондой эле жаңы суу түтүктөрүн киргизүүнү камтыган экинчи фазага өтүү пландаштырылууда», - деп айтылат маалыматта.