Turmush — Түп районунун Чоң-Бет коктусунда жайгашкан Момун чалдын үйү урап калуу коркунучунда турат. Үй эскирип, айланасы таштандыга толуп, көргөн кишинин зээнин кейитет. Кеп башына Байзак айылынын 69 жаштагы тургуну, Аалы Муканов атындагы №15 Санташ жалпы орто билим берүү мектебинин директору Шүкүрбек Сыдыков токтолду.
«1969-жылы кеч күздө жазуучу Чыңгыз Айтматов Түптүн Каркыра жайлоосуна балбал таш (байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер) алууга келген. Ошол кездеги «Санташ» колхозунун жетекчиси Владимир Зайнулин атам Бектурган Сыдыковду (аталган совхоздун профсоюз уюмунун төрагасы), райкомдун инструктору жана партиялык уюштуруучуну (парторг) чакыртып, Чыңгыз Айтматов менен бирге Чоң-Бет коктусуна бет алышкан.
Түшкө маал тамактануу үчүн токтошуп, тыныгып отурушкан кезде кичинекей небересин жетелеген Момун (60 жаш чамасындагы) аттуу токойчу келип калат. Жазуучу Момун чал менен саламдашып, жандуу маектешүүгө өтүп, небереси үчөө Түп суусун бойлоп, 6 саат дегенде кайтып келген. Момун чал Ч.Айтматовго өзүнүн башынан өткөнүн айтып, небереси Элдос (Нургазы) тууралуу кеп козгоптур. Чыгармадагы Орозкул Садыр аттуу киши экенин айтып бериптир. Момун чал Бугу уруусунун келип чыгышы, «Бугу Эне» жомогу тууралуу кеңири айтып берген экен.
Атамдар ана келет, мына келет деп бир топ убакыт күтүшүптүр. Айтматов келери менен “балбал таш алуучу жерге кечигип жатабыз” деп айтышса, жазуучу ал жакка барбай турганын, балбал таштан баалуу нерсе тапканын айтып, ошол жерден дароо борборго бет алган», - деди ал.
Момун чал менен болгон маегинен соң, Ч.Айтматов 3 ай аралыгында «Новый мир» журналына орус тилинде «Жомоктон кийин» (После сказки) деген чыгармасын жарыялап, кийин «Ак кеме» деген аталыш менен 1978-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн.
«Момун аттуу аксакал чынында Чоң-Бет коктусунда жашап, токойчу болуп иштеген. Ал жерде эки бөлмөлүү кичинекей үйдө өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин жашаган. Кийин режиссёр Болотбек Шамшиев “Ак кеме” тасмасын тартуу үчүн Момун чалдын үйүн көрүп кеткен. Бирок тасма Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак тарабынан тартылганы маалым.
Момун чал өзү жашоодо чечен, санжыра сүрүштүргөн адам болгон. Небересинин аты Элдос, анын тагдыры да аянычтуу. Чоңойгондо жаман жолго түшүп, түрмөгө түшүп калды. Момун чал 1990-жылдары (90 жаш чамасында) көзү өткөндөн кийин небереси жалгыз калып, адамдардан алыстап, токойдо чөп жеп күн көрүп, кийин арыктагы сууга эсин жоготуп акка моюн сунду.
Айыл эли чогулуп, жерге бердик. Аттиң дүйнө... Ошондон бери Момун чалдын үйү каралбай, урап калуу алдында турат. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармасынын жаралышына себеп болгон Момун аксакалдын үйүн музей кылып, чакан корук кылып койсо жакшы болор эле. Жергиликтүү бийлик, өлкө башчысы да көмүскөдө калтырбайт деген терең ишеним бар», - дейт Шүкүрбек Сыдыков.
Шүкүрбек Сыдыков кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал бир кезде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын да изилдегенин кошумчалады. Жазуучу менен эки жолу жолугуп, кол тамгасын алууга да жетишкен.
Атасы Бектурган Сыдыков Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалап, 75 жашында дүйнөдөн кайткан.
Момун чалдын үйү жайгашкан Чоң-Бет коктусунда токойчулардын жана малчылардын үйү бар. Андагы тургундардын айтымында, Каркыра жайлоосуна өткөн эс алуучулардын билгендери токтоп, сүрөткө түшүп, Куран окушат.
Turmush басылмасы 2018-жылдын август айында «Ак кемедеги» Момун чал көзү өткөндөн кийин үйү каралбай калганын жазган.
«Ак кеме» — Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган советтик көркөм тасма. Тасманы тартуу иштери 1974-1975-жылдары Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайындагы токой коругунда жана Саруу айылында болгон. Ал эми чоң экранга 1976-жылы 22-ноябрда чыккан.
2021-жылдын май айында Роза Айтматова баштаган турдун мүчөлөрү «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жолу менен» жүрүшкө чыгып, Түптүн Санташ айыл аймагындагы «Ак кемедеги» Момун чалдын үйүнө барышкан.
Ош, Нарындан келген жана Ысык-Көлдөн кошулган топту КР эл артисти Назира Мамбетова жетектеген.
Назира Мамбетова: «Ак кемедеги» Бекейдин, «Ашуудагы» Кадичанын ролдорун аткарып, ушунча даражага жеттик. Дүйнөгө таанылган “Ак кеме” повести жаралган үйдүн Чыңгыз ага менен Момун чалдын көзү өткөндөн кийин жетимсиреп калганы кабырганы кайыштырат. Өнүккөн өлкөлөрдө белгилүү адамдардын калемсабын туристтерге даңазалап, өлкөсүн таанытуу менен каражат таап жатышат. Ал эми биздечи... Даяр турган тарыхый баалуулукту барктай албай жатабыз», - деп көзүнө жаш алган.
Кыргыз генералы Ажике Кутманалиевдин кызы Жыргал Ажикеева да Н.Мамбетованын айтканын коштокон.
«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тасма болуп тартылган жерлерди кыдырып келе жатабыз. Бардык жерде эле колдон келген камкордуктарын көрүп коюшкан. Мен быйыл буюрса чет мамлекеттерден туристтерди чакырайын, «Ак кеме» жаралган жерди, Момун чалдын үйүн көрсөтөйүн дегем. Такыр уят болмок турбаймынбы...», - деп ойго баткан.