Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Башы-Алган же Машалаң жайлоосунда 3 кылымдан бери өсүп турган Кошбок-Ата тереги бар. Бул терек менен жайлоонун тарыхын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы изилдеп көрдү.
Жергиликтүү тургун Эгемберди Назаровдун айтымында, 300 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Машалаң жайлоосундагы Кошбок-Ата тереги бүгүнкү күндө да өсүп турат. Анын бийиктиги 20-25 метр болсо, жоондугу 5 метрден ашык.
«Менин бала чагым ушул аймакта өткөн. Бул терек менен кошо Машалаң жайлоосунун тарыхы өзүнчө бир кызыктуу уламыштарга ээ.
Машалаң жайлоосунун чечмеленүүсү ар кандай вариантта айтылып келет. Албетте, муну тарыхчылар изилдесе жакшы болмок. Биздин маалымат боюнча 1890-жылдарга чейин бул аймак чоң мал базар болуптур. Бул жакка Афганистандан, Тажикстандан соодагерлер келип, малдарды алтын менен күмүшкө алмаштырып кетип турушкан экен.
Аймактын Машалаң деп аталышынын себеби, учурунда аскерлер машыгып турган майдан болгон десе, башкалары бул жерде адамдардын башы абдан көп алынган деп айтышат. Анткени бул жерде адам сөөктөрү көп кездешет. Баш алган жер деп айтып жүрүшүп, кийинчерээк «Машалаң» болуп аталып калган дешет.
Дагы бир кызык жери бул аймакта чоң-чоң жыландар өтө көп болгон. Ал жыландарды биздин аталар, агалар да көрүп калганын айтышат. Алардын айтымындарында, 1 чоң жылан өлгөндөн кийин анын майы аккан жерге 40 жыл чөп чыккан эмес экен», - деди ал.
Машалаң жайлоосу Кадамжай шаарынан 25-30 чакырымдай түштүк-батыш тарабында жайгашкан.