Turmush — Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жашаган тургундун үйүндө аксолотль жашайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Аксолотль—бул «өспүрүм» курт, амбистома түрүнө кирген амфибиялар [кургактыкта жашаган, бирок суу чөйрөсү менен тыгыз байланышта болгон]. Анын уникалдуу өзгөчөлүгү жыныстык жактан жетилип, метаморфозго дуушар болбостон, бойго жеткенге чейин эле көбөйө алат.
Кара-Балта шаарынын 39 жаштагы тургуну, биолог Виктор Мечников, аксолотлдорду багуунун сырлары тууралуу айтып берди.
«Мен буга чейин үйдө тритон [кескелдирикке окшош, сууда да, кургакта да жүрүүчү жаныбардын бир түрү] бака жана кооз балыктарды кармачумун. Дээрлик 10 жылдан бери амфибияларды багып келем.
2 жыл мурун аксолотль багып алдым. Ал мени уникалдуулугу менен өзүнө тартып алды. Алар өпкөсү жана бакалоорлору менен дем алышат. Аксолотлдун дагы бир кызыктуу өзгөчөлүгү — бакалоорун же бутун кайра калыбына келтирүү жөндөмүнө ээ. Жада калса сөөктөрү толугу менен калыбына келип, толук функцияны аткара алат. Анын чоңдорунун көлөмү орточо 20-25 сантиметрге чейин жетет. Алар жырткычтардын түрүнө кирип, муздак сууну жакшы көрүшөт. Андыктан ага балыктарды же башка жандыктарды кошпош керек. Өзүнүн мекени Мексикада «суу ажыдаары» деп аташат. Аны кол менен кармоого болбойт. Анткени адамдын колунун температурасы ал үчүн өтө жогору болгондуктан, өлүп калышы толук мүмкүн. Аны кургак жерге баксаңыз же суунун температурасын төмөндөтсөңүз, ал чоң амбистомага айланат», - деп билдирди.
Биолог Ирина Стежконун айтымында, алар табиятта 5-6 жыл, колго багылса 15 жылга чейин жашай алышат.
«Биолог илимпоздору аксолотль эмбрион кезинде өнүгүү жана кайра калыбына келүү процесстерин изилдешет. Алар эмбриондук трансплантация жана клетка ядросун көчүрүү тажрыйбаларында колдонулат.
Колго багылган аксолотлдордун дээрлик бардыгы 33 түр. Алар Мексиканын борбору Мехико шаарынын түштүгүндөгү Сочемилько көлүндө кармалган. Аларды 1894-жылы Мексикага Англия-Франция-Испания интервенциясы учурунда Парижге алынып келинген. Сочемилько көлү жаратылыштагы жалгыз аксолотль жашаган жер бойдон калды. Бүгүнкү күндө алар суу чөйрөсүнүн антропогендик өзгөрүүсүнөн улам толугу менен жок болуп кетүү коркунучунда турат», - деди ал.