Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын наамын алып жүргөн психология илимдеринин кандидаты, доцент Анашбек Мырсабековдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Иш-чарага мурунку өкмөт башчылар Кубанычбек Жумалиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Кубатбек Боронов, Анашбек Мырсабековдун замандаштары, достору, кесиптештери, бир туугандары, университеттин эмгек жамааты жана студенттери катышты.
Саамалыктын алгачкы бөлүгүндө катышуучуларга Анашбек Мырсабековдун өмүр жолун чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Аны улай университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып, анын окуу жай үчүн жасаган эмгектерин даңазалап эскерди. Ошондой эле жакындары тарабынан да эскерүү сөздөрү айтылды.
Бул кечеде учурда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин наамын алып жүргөн Анашбек Мырсабековдун ким болгондугу, ишмердүүлүгү, адамдык сапаттары жана жасаган эмгектери туурасында кенен кеп козголду.
Мырсабеков Анашбек Жумалиевич 1944-жылы 3-ноябрда Аксы районуна караштуу Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген.
1995-жылы Ош педагогикалык колледжине, азыркы ОшМПУга директор болуп шайланган. Анын эмгегинин негизинде 1996-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №470 токтому менен Ош педагогикалык колледжи Ош жогорку колледжи болуп кайра түзүлгөн.
Үй-бүлөдө 3 уул 2 кызды тарбиялап өстүргөн. 1998-жылы 8-июль күнү 54 жашында авто кырсыктан улам каза болгон.