Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 4 социалдык курулуш пайдаланууга берилди.
Анда 2 бала бакча, 1 маданият үйү жана спорттук стадиондун салтанаттуу ачылышы президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда кызыл тасма кесилди.
Талды-Суу айылындагы 2 кабаттуу маданият үйүнүн концерттик залы 220 орунга ылайыкталган. Социалдык мекеменин курулушу 2013-2014-жылы башталган. Жалпы 33 млн 500 миӊ сомго ички жасалгасы менен курулушу аяктады. Маданият үйүнө манасчы Уркаш Мамбеталиевдин ысымы ыйгарылды.
«Айылда кандай иш-чара болбосун боз үй тигип, сахна даярдап уюштуруп келчү элек. Алдыда айылдын маданиятын көтөрүп, өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк боло турган иш-чара өткөрүүгө бел байлап турабыз. Бизде ырчы, бийчи, комузчулардан сырткары "Шайыр апалар" тобу бар», - дешет маданият кызматкерлери.
Байзак жана Кеӊ-Суу айылында 100 орундуу бала бакчалар ачылды. Бул эки айылдагы «Жаш-Тилек» жана «Көл-Төр» бала бакчалардын курулушуна акча каражаты республикалык казынадан каржыланды. Анда ички жана сырткы балдар ойноочу аянтча, музыкалык класс, жуунучу жай сыяктуу заманбап шарт түзүлдү.
«Байзак айылында советтер союзунда бала бакча болгон, кийин имарат менчикке өтүп кеткен. Жеткинчектерди кошуна айылдардын бала бакчасына алып барчубуз. Орундар чектелүү болуп, бардыгын кабыл алууга мүмкүн болгон эмес. Андан кийин мектептин алдында 3 сааттык кыска мөөнөттүк балдарды мектепке даярдоо бөлүмү иштеп келген», - дешет тургундар.
Кеӊ-Суудагы «Көл-Төр» бала бакчасында ашканага жана бөбөктөргө керектүү буюмдарды демөөрчүлөр колдоо көргөзгөнүн аталган мекеменин директору Назира Шабиева билдирди.
«Бала бакчага 25 орундан 4 тайпада бөбөктөрдү кабыл алабыз жана тургундар үчүн орундар жеткиликтүү. Бала бакчаны ишке киргизүү менен айылдан 24 адам жумуш орду менен камсыздалды», - деди ал.
Ал эми ушул эле айылдагы Т.Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин алдында спорттук стадион ачылды. Узундугу 100 метр, туурасы 60 метрди түзөт. Жарыктандыруу, чуркоочу жол жана көрүүчүлөр үчүн жайы бар.