Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын 24 жаштагы тургуну Айдана Абдималикова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Таран-Базар айылында 2000-жылы төрөлгөн. Жолдошу экөө 1 кыз жана 2 уулду тарбиялап, өстүрүп келе жатышат.
«Сузактын Сафаровка айылына келин болгом. Азыркы тапта ушул айылда жашайбыз. Жолдомум менен таанышкан күндү эстесем, ал кезде 1-курсту бүткөм. Каникулда бир тууган эжемдикине шаарга барып, такси менен кайра келе жатканда жолдошум менен таанышып калгам. Ал ошол таксинин айдоочусу эле. Үйгө чейин 8,9 сааттык жол. Узун жолдо аны менен жакындан таанышып, бири-бирибизге төп келерибизди түшүндүк. Менде дароо жактыруу сезими болду. Кийин чалышып, жолугуп сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү "үйүмө жеткирип коё аласыңбы" десем, үйүнө эч кимдин коштоосуз эле алып келе берген. Ошентип 1,5 ай сүйлөшүп жүрүп, баш кошконбуз», - деди ал.
Анын айтымында, бир тууган абысынын ага абдан окшоштурушат.
«Үй-бүлөдө мен да, жолдошум да 4 бир тууганбыз. Жолдошум үйдүн эң улуусу, 2 кайын сиңдим жана 1 кайним бар. Абысыным 2003-жылкы, Жалал-Абад шаарынан болот. Кайним калаада иштеп жүргөн кезинде, абысынымды көрүп жактырып калыптыр. Ал аны жөнөкөйлүгү, акылдуулугу менен өзүнө арбап алган экен.
Абысыным экөөбүздү "эгизсиңерби?" деп көп сурашат. Ал жаңы келин болуп келгенде "сенин тууганыңбы?" деп да сурашкан. Бирок мен абысынымды жаңы келин болуп, үйгө келгенде гана көргөм. Көргөндүн баары эле "эже-сиңди же эгиз экениңерди жашырып жатасыңар" дей беришет», - деди ал.
Каарманыбыз абасы экөөнө байланыштуу эсте калган кызыктуу окуяларын кеп козгоду.
«Ар бир күнүбүз кызыктуу жана күлкүлүү өтөт. Быйыл жазында кайнатамдын 45 жылдыгы болуп, тайпалаштарын үйгө чакырган. Экөөбүз жоолугубуздан баштап, бут кийимибизге чейин окшош кийинип алганбыз. Атамдын группалаштары 1 эле келин жүрөт деп ойлошкон экен. Бир маалда экөөбүз удаа-удаа өтүп кетсек "экөө жүрөт го" деп карашып, таң калышкан. Атамдан "эки келиниң бар турбайбы, биз бирөө эле деп ойлогонбуз" дешип, күлүшкөн экен.
Жакында эле чоң кайненем кайтыш болгон. Ошондо менин туугандарым Айгеримди көрүп, мен экен деп, бетинен өөп, коштошуптур. Абысыным чоң апама "Мен Айдана эмесмин, ал менин жеңем болот" десе "ушунча да окшош болосуңарбы" деп, окшоштугубузга таң берген эле. Айгерим келип, "жеңе, сиздин чоң апаңыз мени менен коштошуп, кетип кала жаздады" деп күлгөн.
Кээде күйөөлөрүбүз да аркабыздан алмаштырып, сүйлөп алган күндөрү болот. Бурулуп карасак "сиз белеңиз" деп чочуп кетишет.
Абысыным экөөбүз абдан ынтымактуубуз. Баарыбыз бир үйдө 4 жылдан бери жашап келе жатабыз. Айгерим экөөбүздүн ортобузда уруш-талаш болгон эмес. Башында эле тил табышып, сырдаш болуп калганбыз.
Экөөбүздүн тең балдарыбыз кичинекей болгондуктан, уруша кетишет. Бирок калыстык менен мамиле кылабыз. Балдарыбызга "бул сенин эжең, байкең же бөбөгүң" деп үйрөтүп, татыктуу тарбия бергенге аракет кылып жатабыз. Бири-бирине жөлөк-таяк болуп, күйүмдүү, мээримдүү болуп чоңойсо, биз үчүн ошол чоң жетишкендик. Көпкө чейин көрүшпөй калышса сагынышат, көнүп калышкан», - деди ал.
Айдана айым алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Айылда негизи жумуш көп. Онлайнда иштейм. Социалдык тармакта отурсак эле башкача ойлошот. Бош убактым болуп калса эле, видео монтаждаганга аракет кылам. Өзүмдү өнүктүрөйүн деп көп окуйм. Бош убактым деле жокко эсе.
Келечекке койгон ой-максаттарым чоң. Ата-энемди ажыга жиберсек, үй-бүлөм менен саякаттоого көп чыксам деген тилектерим бар», - деди ал.