Turmush — Ош технологиялык университети окутуучуларды Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү.
Университеттин маалыматы боюнча, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан окутуучулар Ысык-Көлдөгү «Дельфин» пансионатында эс алышууда.
Эс алууга университеттин бардык факультет, колледж, бөлүмдөрү тарабынан сунушталган алдыңкы 20 окутуучу жөнөтүлүп, ОшТУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан толугу менен каржыланды.