Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында «Теремок» аталышындагы 3 сааттык бала бакча ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3 сааттык бала бакча «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында ачылып, пайдаланууга берилди. Анда 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар тарбияланат.
Салтанаттуу иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асел Жуманалиева, Орловка шаарынын мэри Бактыбек Чанчаров катышты.
«Бул бала бакча союз тараган соң иштебей калган. Жыйырма жылдан кийин мына минтип кайрадан ишке кирди. Жергиликтүү бюджеттен чатыры жаңыртылып жана башка тиешелүү иштер жасалды. Бала бакча 50 орундуу», - деп айтылат маалыматта.
Орловка шаары боюнча 3 бала бакча иштеп жатат.