Turmush — Ош облусунун Кара-Суу шаарынын жетекчилиги учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Шаардагы Жоомарт Бөкөнбаев паркын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө паркта оргума курулуп, отургучтар орнотулду. Парктагы оргуманын курулушуна Ош облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн 610 миң сом, Кара-Суу шаардык мэриясынан 4 млн 350 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилген.
Кара-Суу шаарында саркынды сууларды тазалоо маселеси чечилгени турат. Учурда саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушу кызуу жүрүп, тиешелүү жумуштар аткарылууда. Канализация долбоорунун жалпы баасы 5 млн 300 миң еврону түзөт. Долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланат.
Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов кызматка дайындалгандан кийин айыл-кыштактардын инфраструктурасын жакшыртууну максат кылып, муниципалдык жерлердеги мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берген. Шаар башчысынын айтымында, жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алуу менен жол тыгын маселесин чечсе болот.
Кара-Суу шаарынын тургундарынын айтымында, калаага жаңы мэр келгенден бери мыкты долбоорлор ишке ашып, социалдык маселелер четинен чечилүүдө. Алсак, шаардын калкы үчүн тротуарлар оңдолуп, веложол курулган. Ошондой эле бир катар көчөлөргө заманбап түнкү чырактар коюлду.
«Кара-Суу шаарында акыркы бир нече айда жакшы иштер аткарылууда. Шаардагы борбордук көчөдө тротуарлар курулуп, түнкү чырактар орнотулуп, веложол салынууда. Ошондой эле Ж.Бөкөнбаев атындагы паркты толугу менен реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ал үчүн жетекчилерге ыраазылык билдиребиз», - деди жергиликтүү тургун Жолдош Орозов.
Шаар тургуну Адалат Сайдирахманов шаардын жана айылдардын инфраструктурасы жакшырып жатканын айтат.
«Биз шаардагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө абдан кубанып турган учурубуз. Жетекчилер, шаарбыздын мэри демилге көтөрүп, шаарды оңдоп, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда. Айрыкча Ж.Бөкөнбаев паркы реконструкцияланып жатат. Ысыктын күнүндө паркка кирген адамдын саны да арбын», - деди ал.
Административдик-аймактык реформанын негизинде Кара-Суу шаарына Сарай айыл өкмөтү кошулган. Майрамбек Тентимишов мэрлик кызматын баштагандан кийин элет жерине көңүл бөлүнүп, Эркин, Коңурат, Присавай айылдарында бир нече социалдык долбоорлор ишке ашып, айрымдарынын курулушу жүрүүдө.
«Эркин айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен футбол ойноочу кичи талаа үстү жабык типте курулуп жатат. Андан сырткары 60 гектар сугат жерибизге суу чыкты», - деди Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Абу-Бакр Сейитов.
Ошондой эле Коңурат айылында суу кампа ишке кирип, айылдыктар таза суу менен камсыз болду.
«Иче турган таза суубуз чыгып калды. Эң таза суу ичебиз. Азыркы күндө жакшы иштер аткарылып, айылдарга көңүл бурулуп калды. Шаарга кошулганыбыз жакшы болгон экен. Маселебиз акырындап чечилүүдө. Айрыкча шаар мэрине ыраазылык айтабыз», - деди Коңурат айылынын тургуну Абдыкадыр Таабалдиев.
Акыркы учурда өлкө боюнча футболго жакшы көңүл бурулуп, эскилиги жеткен стадиондор жаңыртылып, заманбап ыкмада курулууда. Аны менен катар эле Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадиону да оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы учурда курулушу башталып, жумуштар кызуу жүрүп жатат.
«Стадиондо толук түрдө бузуу иштери бүттү. 5 миң орундуу заманбап стадион курулат. Каржысы боюнча айта турган болсом, 20 млн сом Кара-Суу шаардык мэриясынан, Ош облустук өнүктүрүү фондунан 10 млн сом, райондук өнүктүрүү фондунан 10 млн сом бөлүнүүдө. Бүгүнкү күндө 40 млн сом менен тендерге берилип, курулуш иштери башталды. Калган каржысы жогорку жетекчилердин көзөмөлүндө. Алар быйыл күзгө бүтүрүү керек деп ташырма берген. Азыр 40 млн сомго ылайык курулуш иштери баштала берсе, курулуш иштери жүрө берет. Бул стадиондун курулуш иштери УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Кыдыршаевичтин [Камчыбек Ташиев] көзөмөлүндө турат. Буюрса курулуш иштери күзгө чейин жыйынтыкталып калат», - деди Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов.
Анын айтымында, акыркы бир нече айдын ичинде эле бир катар жолдорго тротуарлар курулуп, асфальт төшөлүп, парктар оңдолуп, мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Шаар башчысы акыркы 6 айда аткарылган иштер тууралуу айтып берди.
Ош облусунда административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагы Кара-Суу шаарына кошулган.
Сарай айыл аймагынын курамында 6 айыл (Киров, Коңурат, Присавай, Телман, Эркин, Ак-Оргоо) бар.
Административдик-аймактык реформандан кийин Кара-Суу шаарында калктын саны 53 012 адамга, ал эми ээлеген аймагы 8 700 (87 км2) гектарга жетти.