Turmush — Beeline уюлдук оператору Кыргызстандын рыногунда 26 жылдан бери иштейт. Компания ишенимдүү түрдө алдыга жылып, аймактардагы камтууну кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу менен өзүнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда.
Жайдын башынан бери Beeline өлкөнүн ар кайсы аймактарында 500гө жакын базалык станцияларды орнотуп, жаңылады:
-
Кант шаары жана Озерное айылы менен кошо Бишкектин жана Чүй облусунун бир нече райондорунда;
-
Ош шаарында жана Ош облусунда, анын ичинде Арык-Тейит, Кызыл-Сарай, Ишкаван, Кожо-Арык, Буйга, Каратай жана Курбан-Кара айылдарында;
-
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында, Шамалды-Сай шаар тибиндеги кыштагында жана Жалгыз-Жаңгак, Товар-Сай, Жерге-Тал, Кызыл-Туу, Жүзүмжан, Таштак, Ит-Агар, Ак-Дөбө, Жылгын, Топ-Жаңгак жана Жаңы-Жол айылдарында;
-
Баткен облусундагы, анын ичинде Раззаков шаары жана Чыгыш штк, ошондой эле Көк-Таш, Орозбеков, Кон жана Жаңы-Бак айылдарында;
-
Ысык-Көл облусунун Сары-Ой жана Бостери айылдарында.
Аткарылган иштер байланыштын сапатын бир кыйла жакшыртууга жана камтууну кенейтүүгө мүмкүндүк берди. Кошумчалай кетсек, эң ылдам 4G интернети үчүн Ookla’дан сыйлык алган Beeline мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстанда алдыңкы орундарды ээлеп келет. *
«1-августта Beeline Кыргызстан уюлдук оператору 26 жашка толду. Бул жылдар аралыгында биз GSM түйүнүндөгү биринчи чалуудан баштап, эл аралык компанияга чейин узак жолду басып өттүк. Күн сайын биз өлкө жана коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулабыз. Биз инновацияларды киргизебиз, технологияларды өнүктүрөбүз, уникалдуу чечимдерди иштеп чыгабыз жана кыргызстандыктарды заманбап жана ишенимдүү байланыш кызматтары менен камсыздоо менен түйүндү өнүктүрүүгө инвестициялоону улантабыз», - деп белгиледи компаниянын башкы директору Андрей Пятахин.
Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!
* 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® анализинин негизинде. Ookla® Ookla® Товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксаттар менен кайра басылып чыгат.