Turmush — Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын Подгорный айылындагы бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу мэр Бакыт Чанчаров билдирди.
Анын айтымында, имарат 1982-жылы курулган. Ал эми 2017-жылы бала бакча катары пайдаланууга берилген.
Эки кабаттуу бала бакчага жергиликтүү бюджеттен керектүү жабдыктар: чарбалык буюмдар, жууп-тазалоочу каражаттар, дары-дармек, эмерек, идиш-аяк жана 75 тонна көмүр жыл сайын алынып берилип турат. Имараттын терезе-эшиги алмаштырылып, чатыры жаңыртылды.
Учурда бала бакчада 45 бала тарбияланууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.