Turmush — Алмаз Рахманов 26-июлда Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Алмаз Рахманов 47 жашта. Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Буга чейин бир катар фонддордо иштеп келген.
Тогуз-Булак айыл аймагынын буга чейинки башчысы Сардарбек Темирбаев «ишенимди жоготкону үчүн» 17-июлда акимдин буйругу менен кызматынан бошотулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.