Turmush — Ош технологиялык университетине келген Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы Суңшил университетинен келген ыктыярчылар тобунун жайкы лагери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Окуу жайга келген коноктор Ош технологиялык университетиндеги Сежоң Хагдан корей тили борборунда жайкы лагерь өткөрүү менен биргеликте борбордо окуп жаткан студенттерге жана окуучуларга корей элинин үрп-адат, каада- салттары менен жакындан тааныштырышты.
Жыйынтыктоо аземинде Окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан көңүл ачуучу концерттик программа тартууланып, конокторго ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы Ош технологиялык университети Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу болуп турарын баса белгиледи.
2024-жылдын 23-июль күнү Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы Суңшил университетинен 25 адамдан турган ыктыярчылар тобунун мүчөлөрү Ош технологиялык университетине 1 жумалык жайкы лагерге келишкен.