Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Дамира Абдилла кызы. Ал 6 жылдан бери үй-бүлөсү менен Швециянын борбору Стокгольм шаарында жашап, эмгектенип жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Каарманыбыз 1992-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
Айылдан ааламга кеткен жол
Жолдошум экөөбүздүн бир кыз, бир уулубуз бар. Кесибим боюнча англис тилчи мугалиммин. Өзүм англис тилин кичинемден бери жакшы көрөм. Менин сүйгөн кесибим десем болот. 4 тилде сүйлөйм.
5 класска чейин М.Тешебаев атындагы орто мектепте окудум. Андан соң А.Таңгатаров интернат гимназия-мектебин аяктадым. Кичинекейимден англис тилине абдан кызыгып, чет жактарга чыгууну кыялданчумун. Ошол кыялдарымы ишке ашырайын деп, 2010-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырдым. Университетти ийгиликтүү аяктагандан соң 2016-2017-жылдары ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде 2 жылга жакын иштедим.
Жолдошум экөөбүз студент кезибизден тааныш болчубуз. Жолдошум университтети аяктаган соң Швецияга иштегени кеткен. Ал жакка барып, 1 жыл 2 ай иштеп келип андан соң турмуш курабыз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок Швецияда документ маселеси аябай кыйын болгону үчүн ал мага Швецияга келүүмдү сунуш кылды. Башында албетте сунушун кабыл албай, көпкө жүрдүм. Ошентип жүрүп акыры менин макулдугум менен жолдошумдун ата-энеси менин үй-бүлөм менен таанышып, куда түшүп, салт-санаасын баарын жасап, мага виза ачтырып берди. Ошентип Швецияга сапар алдым. Бул жакка келгенде жолдошум экөөбүз кадимкидей нике окутуп, бир үй-бүлө болуп жашап калдык. Чогуу жашап жатканыбызга 6 жыл болду. Балдарыбыз бала бакчага барышат. Жолдошум курулуш тармагында эмектенет. Мен азыр үйдө отуруп, англис тилин онлайн үйрөтөм.
Швеция тууралуу
Менин жашоомдогу эң өзгөчө бактылуу күндөр ушул жакта өттү. Бул жерде турмушка чыгып, ушул жерден апа болдум. Ушул жакта турмуш эмне экенин жакшы түшүндүм. Швеция мени таң калтырып бүтпөйт. Башында келгенде бардык мигранттар сыяктуу эле Швецияны Кыргызстанга салыштыра берет элем. Азыр көп салыштырбай калгам. Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү, жакшы жана жаман жактары бар экенин түшүндүм.
Ал эми мага жаккан өзгөчөлүктөрү боюнча айта турган болсом, темирдей катуу дициплина бар. Бардык нерсе алдын ала пландалат. Эгерде конокко чакыра турган болсоңуз, бир ай мурун чакырышыңыз керек. Бир жума же 1-2 күн калганда чакырсаң келбейт. Анткени бардык адамдардын планы бар. Жада калса 1 жыл мурун чакырылган чакыруу каттарды көргөм. Чакырылбаган, күтүлбөгөн конок болуп барганды жактырышпайт.
Ооруп калсаңыз да биринчи телефон чалып, күнүн, убактысын белгилеп анан барасыз. Автобустар, метро, баары өзүнүн убактысы менен келет. Жолго чыга турган болсоңуз, графикти карап алып андан соң жолго чыккан ыңгайлуу. Ушул дициплинанын артынан эле адамдар абдан жоопкерчиликтүү экенин байкадым. Ар бир адам өзүнүн жумушуна жоопкерчиликтүү карашат. Өзүнө тиешелүү гана жумушту аткарат. Лампочка алмыштырган адам келип, ошол эле жумушту аткарып кетет. Ал барып унитазды оңдоп кое бербейт. Ийне сайган медайым ийне гана саясат, ал барып пол жууп кетпейт. Өздөрүнүн жумушун майын чыгарып аткарат жана абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Бул сыпатты мен өзүмө абдан сиңирдим. Бардык нерсеге жоопкерчилик менен кароону үйрөндүм. Мурда баштаган жумушумду аягына чыгарбай коет элем. Көрсө, адамга эң керек болгон ушул сыпат экенин түшүндүм. Азыр башкалардан да жоопкерчиликти аябай талап кылам.
Швецияда бай жана кедей деген түшүнүк жок
Биздин өлкө менен салыштыра турган болсом. Бизде бай же кедей деген гана түшүнүк бар. Швецияда андай түшүнүк жок. Ортолук бар. Орто жашаган адамдардын саны аябай эле көп. Бай жашаса да, анын бай экенин билбейсиң. Бул жакта өздөрүн жөнөкөй кылып көрсөткөн мода. Колунда жок болуп, аябай жаман жашагандарды деле көрбөдүм. Мамлекет тарабынан жардам катары акчалар берилип турат.
Жумушта кимиси директор, кимиси ишчи экенин деле айрымалай албайсың. Директорду Кудай катары көрүп алышпайт. Мисалы, балдарымдын бакчасында ректору бар. Ал ректорлордун ишчилерден айрымасы жок. Баары чогу жумуштарын аткарып жүрө беришет.
Мени дагы бир таң калтырганы — тазалыгы. Швеция дүйнөдөгү эң таза өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Таштанды жок. Себеби анын 96 % пайызын кайрадан иштеп чыгышат. Таштанды жоктугунан башка өлкөлөрдөн импорт кылып алып келип, иштеп чыгышат. Суусу булактын суусундай эле таза. Крандан суу ичкенде хлор жок, таптаза, эч кандай филтрлеп отурбайбыз. Жаратылышка аяр мамиле кылганды ушул жактан үйрөндүм.
Циркке жаныбарларды киргизишпейт. Жаныбарларды аябай коргошот. Мисалы, циркте жаныбарды ойнотушпайт. Ага адамдар күлүп, аны мазактагандай көрүнүш катары жана аларды кыйноо катары кабылдашат. Ошондуктан башка жактан цирк келсе да, жаныбарын циркке киргизбейт. Мен шаардын так ортосунан эле ар түрдүү жаныбарларды көрүп калам. Алар да адамдардан коркпойт. Өздөрүн эркин сезип жүргөндөрүн көрөм.
Швецияга кантип келсе болот?
Виза жасаган агенттиктер баарын түшүндүрүп беришет. Көпчүлүк адамдар Швецияга түз кире алышпайт. Биринчи жолу келип жаткан адамдар башка өлкөлөр аркылуу келишет. Мисалы, Италия, Испания, Германия жана башка өлкөлөргө шенген визасын ачтырып, андан соң Швецияга өтүп келсе болот.
Бул жакта ар түрдүү жумуштун түрү бар. Россияга баргандай, оңой эле жумуш таап кетем деп ойлобош керек. Эркек балдар көбүнчө курулуш тармакта иштешет. Ал эми аялдар клининг компанияларында иштешет. Айлык акы мынча деп так айта албайм, анткени баары иштеген саатына жараша айлык акы алышат.
Жумуш табуу ал адамдын өзүнөн. Кээ бирлери иштеп, бутуна туруп кетишет, кээ бир адамдар тилден кыйналат, же жумуш туура келбей, документ жактан кыйналгандар болот. Легалдуу иштейм десеңиз, документ туура болушу керек. Швецияда эң кыйын нерсе — бул документ жасоо. Көп убакытты талап кылат. Айтор иштей албай, кайра кеткендер да болот. Ошондуктан ар бир адамдын өзүнөн деп айтам.
Швецияга үй-бүлө, балдар, аялы менен дароо чогуу келиш өтө кыйын. Мүмкүн биринчи аялы же күйөсүү, же экөө чогуу аракет кылып көрүшү керек. Анан жумуш таап, көнүшүп алып, документтерин тууралаган соң балдарды караштырып алып келсе болот.
Балам ыйласа, милиция келбесе экен деп корко берчүмүн
Бул өлкөдө балдардын укуктары абдан корголгон. Балдардын укуктарын эң биринчи орунга коюшат. Бала бакча, мектеп, университеттерде окутуу акысыз. Балдар үчүн сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүшкөн. Акча берип, бакчага, мектепке киргизүү деген түшүнүк такыр жок. Майрамдарда мугалимдерге белек бергенге болбойт. Аны алышпайт. Белек алса, аны пара алып жаткандай сезишет .
23 жашка чейин тиш доктурга баруу жана башка медициналык кызматтар бекер. Үй-бүлөдө бала ата-энеси тарабынан кандайдыр бир кордук көрсө, баласын урса же катуу урушуп жазаласа, анда мамлекет баланы ата-энесинен ажыратып коет. Бул мыйзам аябай катуу иштейт. Мен да төрөгөндө балдарым катуу ыйлап калышса, аябай корко берет элем, кошуналар баласы көп ыйлап жатат деп милиция чакырып коюшпасын деп.
Мага жат көрүнүштөр
Аяганда айтат элем, ооба бул өлкөнүн деле мага жакпаган жактары бар. Гендердик саясат, феминизм күч алган. Адамдарда бири-бирине болгон ишеним жок. Тез-тез катташуу, тууганчылык дегенден алысташкан.
Ошентсе да мен бул өлкөдө жашап калганым үчүн Аллахга абдан ыраазымын. Көп нерсени көрдүм, үйрөндүм. Ушул өлкөдө жашап, өзүбүздүн тилибизди канчалык сыйлашыбыз керек экенин түшүндүм. Анткени шведдер өздөрүнүн тилин укмуш сыйлашат. Бардык жерде өздөрүнүн швед тилин колдонушат. Швеция мени патриоттуулука үйрөттү. Чет жакка чыгып эле койгон адам эмес, чет өлкөдө көп жыл жашаган адам өзүнүн өлкөсүнүн кадырын жакшы түшүнөт экен. Жаман жактарын өзүмө албай, жалаң жакшы жактарын гана алып, аны сиңирип, ошолорду биздин өлкөгө жайылтуу максатыбыз бар.