Turmush — Алай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Сары-Могол айылына 20 адамга ылайыкталган муниципалдык мейманкана курулуп жатат. Бул тууралуу Памир-Алай айыл аймагынын башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда 2 кабаттуу имараттын пайдубалы куюлуп бүттү. Жалпы тендердик баасы 16 млн 300 миң сом. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 12 млн сом облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Ал эми калган сумма да жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет. Курулушту 2024-жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.
Сары-Могол айылында Тулпар-Көл, Ленин чокулары бар. Туристтер көп келишет. Жергиликтүү тургундар үйлөрүн мейманкана катары иштетип келишет. Мындан улам, туристтерге шарт түзүү максатында муниципалдык мейманкана салынып жатат.