Turmush — Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык илимий-теориялык жана практикалык конференцияга катышты.
«Евразиялык экономикалык интеграциянын прогрессинин чакырыктары, глобализациянын тобокелдиктери жана ага таасир этүүчү рычагдары» аттуу Евразия өлкөлөрүнүн бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун Ысык-Көл форуму илимдеринин доктору, Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин профессору Тайгашинова Кусникамал Тортубаевнанын 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.
Аталган иш-чарада пленардык баяндамалар, секциялык иштер жүрүп, илимий баяндамалар уктурулду. Ошондой эле конференциянын алкагында бир нече тегерек стол, семинар-тренингдер уюштурулуп, анда окутуучулар квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашышты.
Конференциянын жүрүшүндө ОшТУнун окутуучулары илимий баяндамаларын жасап, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.