Turmush — Бүгүн, 1-июль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Маалым болгондой, күн тартибинде 3 маселе каралды. Алгач окуу департаментинин директору Алишер Юсупов 2023-24-окуу жылында уюштурулган МАКтын жыйынтыктары жана жаңы окуу жылына алдын ала бөлүштүрүү тууралуу маалыматтарга токтолду.
Андан соң университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университеттин 2023-24-окуу жылына карата ишмердүүлүктүн багыттары боюнча кабыл алынган негизги маселелеринин аткарылуусу, Окумуштуулар кеңешинин 2023-2024–окуу жылындагы чечимдеринин аткарылыштары тууралуу кенен маалымат берди. Угулган маалыматтар Окумуштуулар кеңеши тарабынан талкууланып, ой-пикирлер айтылып аткарылган иштердин токтоом долбоорлору бир добуштан кабыл алынды.
Бүгүнтөн баштап профессордук-окутуучулар жамааты жайкы эс алууга чыгышты.