Turmush — 1-2 июль күндөрү Каракол шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына карата «Улут баскан улуу жол» аталышындагы бешинчи этно-фестивалы өтөт. Учурда ага карата даярдыктар жүрүүдө.
Этно фестивалдын алкагында эл аралык кыргыз-казак акындарынын айтышы, кенже эпостор фестивалы, «Боз үй» фестивалы, кол өнөрчүлөр фестивалы, жергиликтүү этнодизайнерлердин көргөзмөсү, «Мурас» эл аспаптар оркестринин концерти, кыргыз-казак этно дизайнерлеринин көргөзмөсү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, «Так теке» сынагы, «Нарк куржун» сынагы, Ашлямфу-fest, эпос китептеринин көргөзмөсү өтөт.
Ошондой эле, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата архивдик сүрөт көргөзмөсү, «Карегимде Каракол» сүрөтчүлөрдүн сүрөт сынагы «Дестинация Каракол» көргөзмөсү, кыргыз эстрада жылдыздарынын шоу-концерти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти болот.
Ал эми 2-июнь күнү «Сабантуй — 2024» татар-башкыр элинин майрамы белгиленет.