Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары Кубанычбек Мамбеталиев менен Жанат Абдраимова. Алар Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө эмгектенип жатышат. Жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Кубанычбек Мамбеталиев менен Жанат Абдраимова 2007-жылы 21-ноябрда баш кошкон. Учурда 2 кыз, 3 уулду тарбиялап жатышат.
Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө команда башчы, айдоочу, улук прапорщик Мамбеталиев Кубанычбек Кусейинович 1984-жылы 14-июлда туулган. 15 жылдан бери өрт өчүрүү кызматында эмгектенет.
«Бул аралыкта көптөгөн өрт өчүрүүлөргө чыктык. Эң биринчи чакырууга Бишкек шаарында Л.Толстой көчөсүндө болуп жаткан өрткө чыккам. Анда көп кабаттуу үйдүн кире беришинде өрт чыккан экен. Биринчи жолу өрт өчүрүүгө барганда толкундануу сезими болот. Ишимди туура аткарып, жардамым тийсе деп гана ойлоносуң», - дейт ал.
Каарманыбыз жумуш учурунда көптөгөн окуяларды башынан өткөргөн. Иштеги эң кайгылуу окуялар бул — адам өмүрүн алган тилсиз жоо деп эсептейт.
«Эсимдеги кайгылуу окуя көп. Анткени кырсык өзү кайгылуу. Алардын ичинен унута албаганым, Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына соода-сатыгын бүтүрүп кетип бараткан 2 жаш жигит жол кырсыкка кабылып, кыпчылып, чыга албай, унаасынын ичинде өрттөнүп кетишкени болгон. Ошол күн дагы эле эсимде. Кыпчылып калган балдар, деги эле кырсыкка учураган адамдардын көз караштары башкача болот. Үндөрү өзгөрүп, жүрөк оорутат. Ал 2 баланын бир тууган агасы артында башка жеңил унаа менен келе жаткан экен. Алар «Форд Транзит» унаасында болушкан. Агасынын көз алдында күйүп кетишти. Биз өрттү өчүрүп бүтүп, кыпчылып калган балдарды кесиптешим, прапорщик Нарынбек Акматов экөөбүз унааны кескилеп араң чыгардык. Агасынын абалын айтып бере албайм. Көз алдында иниси күйүп кетти. Балдар 20-25 куракта болчу.
Өрт учурунда эң биринчи адам өмүрүн сактап калсак, ошол бизге кубаныч тартуулайт. Адам өмүрү эң баалуу экенин кырсыкта сезесиң», - дейт ал.
Мамбеталиев учурда өрт өчүрүүчү унааны айдайт. Унаа кыймылы жылдан жылга көп болуп жаткандыктан айдоочулардан өрт өчүүрү унааларына жол бошотуп берүүнү өтүнөт. Анткени ар бир мүнөт адам өмүрүн сактоого керек экенин айтат.
«Бир жолу Балыкчынын Аманбаева көчөсүндө автоунаа күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Биз барганда өрттөнүп жаткан автоунаанын жанына жетпей кыйналдык. Себеби башка айдоочулар унааларын жолго эле токтотушуп, уюлдук телефонуна видеого тартып жүрүшөт. Билип, көрүп, эч бир реакция кылып да коюшкан жок. Ошол учурда ичинде кыпчылып калган адам болсо, тоскоолдуктардын кесепетинен жетишпей калмакпыз да. Бул көрүнүш өтө капалантты. Сиренага жол бошотпой койгон айдоочулар көп эле кездешет. Бизде ар бир секунд, мүнөт эсепте. Бардык айдоочулардан суранып кетет элем, өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалрына жол бошотуп, четке чыгып берип койсоңор», - дейт ал.
Кубанычбек Мамбеталиев ӨКМдин, облустук башкармалыктын бир нече сыйлыктарына, төш белгилерине татыган. Ал бош убактысын үй-бүлөсүнүн жанында өткөрүүнү жактырат. Балдарынын куткаруучу, өрт өчүрүүчү кесиби боюнча берген суроолоруна жооп берип, эгер алар кийин ата-эне жолун жолдойбуз десе, колдорун билдирди. Өзү кичине кезинде тиш доктур болууну кыялданганын айтат. Бирок учурда кооптуу да, жооптуу да иши менен сыймыктанат.
Жубайы — кенже сержант Жанат Абдраимова 1989-жылы туулган. Ал жолдошун окуучу кезинен жактарат. Кийин жолдошу студент болуп, андан кийин кыргыз армиясында аскердик милдетин аткарып келгенден кийин баш кошушканын айтат.
«Бала кезимен форма кийип, мекенге кызмат кылсам деп кыялданат элем. Мектепти аяктап жатканда ИИМдин академиясына тапшырууну кыялдандым. Бирок ата-энем бул кыялымды колдобой, кыз кишиге ылайыктуу кесип ээси болумду сунушташты. Мындан улам экономист адистиги боюнча билим алдым. Студенттик күндөрдө жолдошум менен баш кошуп, кийин бала тарбияладым. Бирок форма кийип, аскер адамы болуу кыялы жүрөгүмдө жашап келди.
Ошентип бала кездеги кыялым 30 жашымда аткарылды десем болот. 30 жашымда бул кызматка келдим. Азыр кезмет мөөтчү (радиотелефонистка) болуп эмгектенем. Куткаруу кызматына түшкөн ар бир чалууну биринчи кабыл алам.
Ар кандай чалуулар түшөт. Чындыгында психолог да болуп каласың. Анткени кырсыкка кабылган адамдар шок абалында жардамга чалат. Кээси түшүнүксүз кыйкырып, «жардам бергиле, жардам» деп гана башка маалымат айта албайт. Ар бир чалууну анализдеп, кечиктирбей куткаруу кызматын жөнөтүшүбүз керек. Негизи куткаруучу тез жетиши үчүн кырсык болуп жаткан даректи, аты-жөнүнүн так айтуусу керек», - дейт ал.
Каарманыбыз ошондой эле ойноп чалган учурлар да болорун айтат.
«Өзгөчө кичинекейм балдар ойноп чалышат. Бизде номурлар аныкталып калат. Алар менен байланышып, баарын түшүндүрөбүз. Балдар менен сабактарда кезигип, кызматыбыз, адам өмүрүн сактоо, убагында өрт өчүрүү боюнча айтып берип келебиз.
Эсимде калган окуяны айтып берейин. Көлгө 4 жаштагы кыз түшүп кетип, табылбай калган окуя болду. Күндө атасы менен байланышчу элек. Ал да чалып, издөөгө кызматкерлер кеткенин такташып турчу. Күндө ал кыздын табылып калышын баарыбыз тилечүбүз. Тилекке каршы, табылган жок.
Дагы бир окуя, бир жолу мөөнөттө турсам, телефон чалуу келип, жаш жигит өзүнө кол саларын билдирди. Биз сураганыбыз менен дарегин айтпай жатты. Милицияга да кабар бердик. Көрсө, ал баланы достору тааладан пикир келишпестиктен сабашкан. Бала ызаланып, «өлөм» деп жатыптыр. Ал менен бир нечн жолу байланышып, психологиялык да жардам көрсөттүк. Акыры достору кайра келип, өзүнө кол салуу оюнан кайтты. Негизи ар бир чалган адамга жардам убагында жетсе дейм», - дейт кенже сержант.
Жубайлар иште, үйдө да бири-бирин колдоп, ишин түшүнүп, ар тараптан колдой турганын айтышты.