Turmush — 23-июнда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кызыл-Туу айылында балдар аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Миңге жакын эл жашаган Кызыл-Туу айылы ААРден кийин жаңы аталышка ээ болгон Төрт-Гүл айыл аймагына карайт.
Маалым болгондой, демөөрчү тарабынан 185 миң сомго Восточный көчөсүндө балдар аянтчасы курулган. 23-июнда анын ачылыш аземи өткөрүлүп, кызыл тасмасы кесилди.
Ага айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Фархат Хажиев, айыл башчы Ринат Алыкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.