Turmush — Сизге соттуулугу бар же жок экендигин тастыктаган маалымкат керекпи? Аны түздөн-түз Balance мобилдик колдонмосунан алыңыз! Бул үчүн, өтүнмөнү тапшыруу жана төлөө, андан кийин берилүүчү жерден даяр маалымкатты алуу жетиштүү. Бул өз убактысын баалагандар үчүн ыңгайлуу жана тез чечим.
Кантип иштейт?
1. Өзүңүздүн смартфонуңузга Balance тиркемесин жүктөп алып жана онлайн-идентификациядан өтүңүз;
2. Башкы беттеги «Пайдалуу» бөлүмүндөгү «Маалымкат» баскычын басыңыз. «Маанилүү маалымат» пунктуна көңүл буруңуз;
3. Маалымкатты алуу мөөнөтүн тандаңыз — 1 же 3 жумушчу күн.
4. Жеке маалыматтарыңызды текшерип, маалымкатты алуу ордун тандаңыз жана «Уланттуу» баскычын басыңыз.
5. Реквизит жана төлөө суммасы мурунтан эле орнотулган болот, «Кийинки» баскычын басыңыз.
6. «Төлөө» баскычын басыңыз — даяр!
7. Маалымкатты тариздөө 3 сутка үчүн 86 сом жана 1 сутка үчүн 191 сом турат. Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин, сиз тандаган берилүүчү жерден маалымкатты ала аласыз.
Balance мобилдик тиркемесинин акыркы версиясы Play Market жана App Store’до жеткиликтүү. Буга чейин Balance’та Кыргызстандагы ири банктар менен комиссияларды нөлгө түшүрүү, ошондой эле Carcheck автоунааны текшерүү функциялары ишке ашырылган.