Turmush — Алай районунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Кутманали Анарбаев билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштеринин жалпы тендердик баасы 6 млн 159 миң сомду түздү. Имаратты «Бийиктик Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому оңдоп жатат.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Бийиктик Инвест» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси Салиев Кубатбек Абдижалилович. Компания 2014-жылы 14-апрелде каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.
Сары-Таш айылында калктын саны 2500 адамды түзөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.