Turmush — Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин окутуучулары Мухаммедсадык Ысламов менен Айгерим Жаанбаева Москва шаарында өткөрүлгөн «Новое поколение» аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты.
Иш-чаранын алкагында Ярослав Мудров атындагы Новгород мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн «Новое поколение» аттуу 10 күндүк илимий стажировкадан өтүштү. Анын жүрүшүндө Россия илимий фондуна (РНФ) «Жасалма интеллекттин жардамы менен энерго системадагы авариялардын алдын алуу» деген темада илимий долбоор сунушташты.