Turmush — Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринде окуган студенттер арасында «Элге багытталган сот адилеттиги» аттуу республикалык соттук сынагы өттү.
Сынакта Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинин студенттеринен куралган команда 3-орунду камсыздады.
«Бул сүйүнүчтүү кабарды аталган факультеттин деканы, ю.и.д., профессор Көкөева Алмагүл Муктарбековна маалымдап, жобого ылайык юридика-бажы факультетинин студенттеринен куралган команда келечектеги соттордун сынагына мыкты даярдыкта барганын жана жеңиш менен кайтканын кошумчалады. Ошондой эле сынак студенттердин юридикалык жөндөмүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталганын билдирди», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.