Turmush — Чүй облсунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын бирдей кылып сырдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Айыл өкмөт башчысы Жеңишбек Эдигеев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү боюнча маселе талкууланган. Жыйынтыгында жашоочулар бир чечимге келишкен.
Учурда айыл өкмөт тарабынан техникалар каралып, жергиликтүү тургундар ашар жолу менен аталган долбоорду ишке ашырып жатышат. Дизайн коду Сокулук райондук архитектура тарабынан түзүлгөн.
Ошондой эле Кайназарова, Ленин, Москва көчөлөрүндө тротуарлар салынууда.
Кара-Балта—Бишкек унаа жолунун Сокулук айыл аймагындагы тилкесинде 10 чакты көп кабаттуу үй бар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.