Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде өткөрүлгөн эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышып келди.
Конференцияда «Бала» концептине мүнөздүү болгон баталар» жана «Улуттук маданияттын өзөгү — сөз, касиети — бата» деген темаларда баяндама жасады. Жыйынтыгында Надилбек кызы Бегимай «Эң мыкты баяндамачы» деп аталды.
Иш-чара Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата уюштурулган.