Turmush — Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, профессор А.К.Атабеков Германияга барды.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, ал Германиянын Трир, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шаарларында университет жана ишканалар ортосундагы кызматташуу тажрыйбаларын үйрөнүү максатында иш сапарында болду. Иш-чара GIZ эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, мында өнөр жай ишканалары, алдыңкы окуу жайлардын тажрыйбасы тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Иш сапардын алкагында профессор А.К. Атабеков квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашып келди.
Ошондой эле ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору Рахман Мырзаибраимов Андижан мамилекеттик университетинде өткөн «Statistik tahlil» семинарына катышты.
Семинарда профессор аталган окуу жайдын экономика кафедрасында эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамына жана илимий кызматкерлерге экономикага тиешелүү болгон статистикалык маалыматтарды чогултуунун, талдоонун жана жайылтуунун ишенимдүү системасын киргизүү маселелери боюнча мастер-класс өтүп берди.