Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын мэриясы каржы-экономика тармактын кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн айырмаланган кызматкерлерге, каржы-экономика тармагынын ардагерлерине Кемин шаарынын мэриясынын медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды. 3 кишиге төш белги жана 2 кишиге ардак грамота жана белектер берилди.
Өлкөдө 7-июнда каржы-экономика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.