Turmush — Токмок шаарындагы «Булак »базарынын унаа токтотуучу жайы иретке келтирилип, бир типтеги заманбап бутиктер салынат. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, унаа токтотуучу жайды калыбына келтирүү үчүн бул аймакта соода кылган жеке ишкерлердин соода объектилери алынууда. Жардам катары мэрия тарабынан атайын техникалар тартылып жатат.
Эми бул жерге бир типтеги заманбап бутиктер курулуп, кайрадан эле жеке ишкерлерге, соодагерлерге аукцион аркылуу берилет.
Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагында ишке ашууда.
Буга чейин 1-июнда соодагерлерге 7-июнга чейин соода тилкелерин бошотуу тууралуу билдирме таратылган.
06.06.2024-жылы Токмок шаарынын борбордук «Булак» базарынын жанында соода түйүндөрү жана павильондору өз ыктыяры менен да, мажбурлоо менен да алынган.
Бузуу иштери аяктагандан кийин аймак таштандылардан жана конструкциялык калдыктардан кылдат тазаланды.