Turmush — Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарында спортто ийгилик жараткан өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүлдү.
Маалыматка караганда, мындай чечимди айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Боркеев баш болгон депутаттар колдоого алып, балдар кызыктыруучу белектер, акчалай сыйлык жана ардак грамоталар менен сыйланды.
Күрөштө ийгилик жараткан 3 өспүрүмгө велосипед, 5 спортчуга 5000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Машыктыруучусу, спорт чебери Насир уулу Бексултанга электромопед жана ыраазычылык кат тапшырылды.
Шумкар-Уя айыл аймагынын өспүрүм балбандарынын спорттогу жетишкендиктери:
- Акбар Аманбеков 48 кг боюнча кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку жеңүүчүсү, «Мен чемпион» республикалык спартакиаданын жеңүүчүсү, өспүрүмдөр арасында кыргыз күрөшү боюнча республиканын чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин 3-орунунун ээси, облустун жеңүүчүсү;
- Абдурахман Анарбаев (52 кг) кыргыз күрөшү боюнча Талас облусунун 3 жолку чемпиону, республиканын чемпиону жана Астанада өткөн эл аралык турнирдин катышуучусу;
- Айдар Тураров (41кг) грек-рим күрөшү боюнча облустун чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, кыргыз күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону;
- Нурел Салмуратов (33кг) кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку чемпиону, өспүрүмдөр арасындагы республикалык турнирдин жеңүүчүсү;
- Абдукерим Кеңешов (30кг) грек-рим күрөшү боюнча облустун 3 жолку чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, эл аралык турнирде 3-орундун ээси, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону. «Сен мыктысың» долбоорунун жеңүүчүсү;
- Алинур Жолчубеков (25кг) эл аралык турнирдин жеңүүчүсү (Жалал-Абад шаары), республикалык турнирдин жеңүүчүсү, облустун 3 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону;
- Алихан Качкынбаев (30 кг) эркин күрөш боюнча облустун 2 жолку жеңүүчүсү, кыргыз күрөш боюнча республикалык чемпионаттын күмүш байгесинин ээси;
- Нуркелди Оторбаев (90 кг) салмакта кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнирдин күмүш байгесинин ээси. Алыш күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын катышуучусу, бел боо күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү.