Turmush — Казакстан мамлекетинин Н.Назарбаев атындагы университетинде «Билим берүү, тилдерди окутууда жасалма интеллект (AI) жана EdTECH цифралык технологиялар менен интеграциялап окутуу» аттуу эл аралык семинар- тренинг болуп өттү.
Ош технологиялык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор А.Т.Саттарова 72 сааттык семинар-тренингге катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатып келди.
Мындан сырткары аталган тренингге гуманитардык-технологиялык колледжинин окуутучусу Надилбек кызы Бегимай онлайн катышып, модулдук тапшырмаларды жаңы сайт менен иштөөнү үйрөнүп, студенттер менен аткарып көрүштү.