Turmush — Ош технологиялык университетинде экология жана айлана чөйрөнү коргоо кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 5-июнь – Айлана чөйрөнү коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Жаратылышты коргоо – жалпыбыздын милдетибиз» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты Ош облусундагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо, биргелешип иш алып баруу, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Аталган иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жергиликтүү структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Ош облусундагы жаратылышты коргоо уюмдарынын, мамлекеттик коруктардын, жаратылыш парктарынын кызматкерлери, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты.