Turmush — Ош технологиялык университетинин «Седжон Хагдан» корей борборунда 2024-жылдын жазгы семестри аякталып, бүтүрүү аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев, борбордун окутуучулары жана студенттери катышты. Бүтүрүү аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Борбордо башталгыч корей тил курсуна Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылышкан.
«Седжон Хагдан» корей борбору күзгү семестрге жаңы студенттерди, окуучуларды 2024-жылдын 12-августунан кабыл алууну баштайт.
Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.