Turmush — Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө А.С.Пушкиндин туулган күнүнө карата адабий кече болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Балта шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, сынак №8, №5, №11, №6 орто мектептер жана Абай атындагы гуманитардык-экономикалык колледжинин окуучулары арасында өткөн.
Сынактын катышуучулары А.С.Пушкиндин ырларынын көркөм окуу жана чыгармаларын драмалаштыруу боюнча эки этаптан өтүштү.
Сынактын 1-этабында 1-орунду №6 мектептин окуучусу София Подпальная менен Анастасия Грахова ээлешти. №8 мектептин окуучусу Алтынай Ясунова 2-орунду, Харьков Роман 3-орунду ээледи.
Ал эми 2-этабында 1-орунду №6, 2-орунду №5, 3-орунду №8 мектептер ээлешти.
---------
Акын Александр Сергеевич Пушкин 1799-жылы 6-июнда Москва шаарында дворяниндин үй-бүлөсүндө туулган, 1837-жылы 10-февралда Санкт-Петербургда каза болгон.
Анын негизги чыгармалары: «Кавказ туткуну» (1820-1821), «Бахчисарай фонтаны» (1822), «Маснадиери бир туугандар» (1821), «Евгений Онегин» (1823-1831), «Коло атчан» (1833, 1841-жылы басылган), «Пугачев көтөрүлүшүнүн тарыхы» (1834), «1829-жылдагы көтөрүлүш учурунда Арзрумга саякат» (1836) жана башкалар.