Turmush — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын өкүлдөрү Наманган текстиль институтунда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Алар аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасы окуу процесстери менен таанышып чыгышты.
ОшТУдан чакырылган дизайнерлер жана студенттер 63-эл аралык гүлдөр фестивалынын алкагында уюштурулган «Fashion and Talent 2024» көргөзмөсүнө кийим коллекциялары менен катышып, окутуучулар ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.