Turmush — Токмок шаарында ыкчам башкарууга берилген муниципалдык жер максатсыз пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 28-майында мэр Максат Нусувалиевдин жетекчилигинин алдында ыкчам башкарууга берилген муниципалдык жерлерди, имараттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн Токмок медициналык колледжинин аймагына мониторинг жүргүзүлгөн.
«Окуу жайдын ыкчам башкаруусуна берилген муниципалдык жерди окуу жайдын жетекчилеринин бири кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу менен мал жаюу максатында курчап, максатсыз пайдалангандыгы аныкталды.
Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө аталган колледждин абалы дагы текшерилди. Мэр М.Нусувалиев Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкамалыгына, Токмок шаарынын шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Мамлекеттик каттоо кызматына жана окуу жайдын жетекчилигине окуу жайдын муниципалдык жер тилкесин аныктап, колледждин аймагына кирип кеткен капиталдык курулуштарды демонтаждоо жана башка тийиштүү маселелерди тез аранын ичинде чечүү тапшырмасын койду», - деп айтылат маалыматта.