Turmush — Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагына караштуу Алтын-Булак айылында 60 орундуу «Ирсалат апа» мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, имаратка жеке демөөрчү тарабынан 1 млн 500 миң сом жумшалып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Турак жай багытынан категориясы өзгөртүлүп, бала бакча катары даярдалды.
Ачылыш аземи 1-июнь күнү өтүп, ага район акими Каныбек Апбасов, Мырза-Аке айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулу жана жергиликтүү тургундар катышты. Айыл өкмөт башчысы демөөрчү болгон ишкерлерге ыраазычылык билдирди.