Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине 2 компьютер берилди. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
Жатак-мектепте 1-июнда — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Анда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2 комплект компьютерге сертификат тапшырылып, демөөрчүлөр майып балдарга кийим-кече, таттуу жана башкаларды тапшырышкан.
«Беловодск айылындагы Крупская көчөсүндө атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби жайгашкан. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ал жайдагы майып балдардын жашоо шарттары менен дагы бир ирет таанышып, майрамдык белектерибизди тапшырдык. Алардын кол өнөрчүлүк көзгөзмөсүн көрүп, таланттарына күбө болдук. Мындан сырткары билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев 2 комплект компьютерге сертификат тапшырып, жомок китептерди белекке берди. Ошондой эле демөөрчүлөр кийим-кече, таттууларды таратышты. Куткаруучулар балдарга кызыктуу машыгууларын көргөзүп беришти», - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.
Ал эми атайын жатак мектептин директору Нуриза Болотбекова: «Биздин атайын жатак-мектепте 154 майып балдар бар. Үстүбүздөгү 2023-2024-окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 5, ал эми демөөрчүлөр тарабынан 4 компьютер менен камсыздалды. Эми балдарды коргоо күнүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дагы 2 компьютерге сертификат тапшырылды. Санариптештирүүнүн алкагында мугалимдерге, балдарга жакшы шарттар түзүлдү», - деди.